Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Татарстан инвестициялык кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Татарстан инвестициялык кызматташууну кеңейтет

Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшан Сабиров Татарстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Габтелгаяз Шайхразиев менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышышты.

Кыргыз тарап экономикалык реформалар, инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу, өнөр жай жана эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Татарстан делегациясы Кыргызстанда өз компанияларынын катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, өнөр жай, агрардык кайра иштетүү, санариптештирүү жана инновациялар багытында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле тараптар өндүрүштү локалдаштыруу, инженердик жана техникалык кадрларды даярдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин да талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантуу жана жолугушууда белгиленген демилгелерди ишке ашыруу ниетин тастыкташты.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар