Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Тяньцзинь шаарында өтө турган саммитке катыша турганы белгилүү болду. ШКУнун чоң жыйыны 31-августа башталып, 1-сентябрда аяктайт. Уюмга учурда төрагалык кылып жаткан Кытай бул саммитке катуу даярданууда.
Бул жолку саммиттин форматы кеңири, анткени Кытайдын төрагасы Си Цзипиндин төрагалыгы астында Уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын КеҢешинин 25-отуруму жана байкоочу мамлекеттердин, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн башчылары катышкан “ШКУ плюс” жолугушуусу болот. Чет өлкөлүк маалымат булактары билдиргендей, саммитке мүчө мамлекеттерден тышкары 20дан ашык өлкөнүн башчысы, эл аралык уюмдардын жетекчилери катышып, Кытайдын жетекчиси программалык сөз сүйлөп, зор мааниге ээ документтер кабыл алынмакчы.
Маалымат үчүн: ШКУ 2001-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм, таасири артып, аймагы кеңейип бараткан интеграциялык институт. Адегенде бул бирикмеге Казакстан, Кыргызстан, ªзбекстан, Тажикстан жана Россия кирсе, кийинчерээк Индия, Иран, Пакистан, былтыр Беларусь кошулган. Уюмдун туруктуу мүчөлөрүнөн тышкары Ооганстан менен Монголия байкоочу катары катышат, Армения, Азербайжан, Египет, Түркия, Катар, Бириккен Араб Эмираты, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кувейт, Мальдивы, Шри-Ланка, Непал, Камбоджа, Мьянма сыяктуу 14 өлкө өнөктөш статусуна ээ.
Дипломатиялык каналдар туюк маалымдагандай, Кытайдын түндүгүндөгү заманбап калаа Тяньцзиндеги чоҢ жыйында соода-экономикалык алаканын, илимий-техникалык инновациялар боюнча кызматташтыктын, коопсуздуктун актуалдуу маселелери кенен талкууланары күтүлүүдө.
Бээжин демилгелеген “Бир алкак, бир жол” доктринасынын алкагында транспорттук жана логистикалык тармактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көҢүл бурулмагы турулуу иш. Доордун агымына жараша, санарип экономика шартында санарип соода жана акча жүгүртүү системалары да сүйлөшүүүлөрдүн прдемети болмокчу. Маселен, айрым эксперттер кабарлагандай, ШКУнун саммитинде Бээжин иштеп чыккан Kylin финансылык операциялар боюнча системасы да Батыштын каражат жүгүртүү системаларына альтернатива катары өнөктөштөргө сунушталышы ыктымал.
Санариптик суверенитет менен коопсуздук бүгүн ар бир мамлекетти түйшөлтүп турган кези. Коопсуздук менен суверенитет проблемасы бардык мамлекеттердин маҢдайынан калдайып чыкканда, санариптик коопсуздук бүтүндөй коопсуздуктун пайдубалы дешет аналитиктер.
ШКУнун кезектеги чоҢ жыйынында негизинен эки маанилүү документ — Тяньцзинь декларациясы жана ШКУнун 2035-жылга чейин өнүгүү Стратегиясы кабыл алынары күтүлүүдө. Он жылдык иштерди белгилеп, аныгында алыскы келечекти көздөгөн бул Стратегиядан тышкары ШКУнун алкагында кызматташтыкты бекемдей турган башка да керектүү документтерге кол коюлмакчы дешет эксперттер.
Кыргызстан – Шанхай кызматташтык уюмунун жоопкерчиликтүү жана татыктуу мүчөсү. Президенттин эл аралык саясаттагы буга чейинки прагматикалык саясаты жана кылдат дипломатиялык кадамдары көрсөткөндөй, улут лидери Садыр Жапаров ШКУнун ушул саммитинде да Уюмдун ичинде интеграцияны бекемдөөгө жана Уюмдун тышкы чөйрө менен алакасын жакшыртууга багытталган изги сунуштарды берип, жалпыга жарыгы тиймеги анык демилгелерди көтөрө турганына ишеним зор.
Сыргак Эсенбек

