“Жолу оңолгон” жол тармагы
Деңизге чектешпегендиктен жана тоолуу өлкө болгондуктан Кыргызстан экономикасынын өнүгүшү автожолдор менен темир жолдорго көз каранды экени талашсыз. Акыркы жылдарда экономикада байкаларлык жылыштар болуп, анын ичинде жол тармагыбызда бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 6 айдын жасаган иштерине саресеп салдык.
Бүткөн жана курулуп жаткан жолдор
Аталган министрликтин маалыматы боюнча, башка жылдарга салыштырмалуу быйыл жол тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ушул жылы 1152,6 километр жолду оңдоо пландалган. 6 айдын жыйынтыгы боюнча 369,7 километр автомобиль жолуна асфальт төшөлүптүр. Анын ичинен бюджеттин эсебинен 81 километр, капиталдык салымдардын эсебинен 237,4, ал эми инвестициялык долбоорлор боюнча 51,3 километр жолго асфальт төшөлгөн. Тагыраагы, 2024 жылдын 6 айына салыштырмалуу асфальт төшөө иштери быйыл 187,2 километрге көп болгон. Ошондой эле министрликтин алдында бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жатат. Учурда Бишкек-Ош, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу, Бишкек- Кант, Бишкек-Күнтуу-Шопоков, Лебединовка –ГЭС 5 жана Арашан-Чуңкурчак, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Нарын-Баетов, Өзгөн-Мырза-Аке-Кара-Кулжа, Базар-Коргон –Арсланбап автожолдорунун курулуш иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары Инвестициялык каржылоонун алкагында Түп-Кеген, Корумду – Балбай Баатыр, Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок, Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциясы жана Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолун Дыйкан – Кызыл-Жылдыз участогунда жол куруу иштери уланууда. Ошондой эле, Бишкек-Ош авто жолунун 400 чакырымындагы 748 метрди түзгөн тоннелдин курулушуна старт берилип, даярдык иштери жүрүп жатыптыр.
Жарым жылдык киреше
Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаменти 2025-жылдын 6 айында лицензия жана уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 523 млн 534 миң сом киреше тапкан.
2025-жылдын алгачкы алты айында министрликке караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жалпы кирешеси 158 млн. 936 миң сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 97 млн. 573 миң сомго көбөйгөн. Бул көрсөткүчтүн өсүшү негизинен тоннелдик кызматттардан түшкөн кирешеден. 2024-жылдын ушул мезгилинде бул багыт боюнча киреше болгон эмес.
Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” жана “Кара- Көл” пунктарында төлөмдөрдү чогулта турган “Акжол Софт” программасы ишке киргизилди. Жаңы система пункттардан өтүп бара жаткан айдоочуларга накталай эмес ыкма менен жана алдын ала төлөө менен, башкача айтканда, операторлордун катышуусуз төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

