whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешДепутаттар "Кыргыз темир жолунун" ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Депутаттар «Кыргыз темир жолунун» ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көл облусунда өткөргөн көчмө жыйында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн жеринен карап чыкты.

Иш сапар Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы аркылуу жаңыланган вагондо сапар тартуудан башталып, эл өкүлдөрү жүргүнчүлөр менен баарлашып, ар бир вагондун абалы менен таанышышты.

Маалыматка ылайык, быйыл мамлекеттик ишкана өз күчү менен кошумча эки вагонду модернизациялап, жалпысынан алты заманбап вагон каттамга чыккан. 2024-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасы 9,2 млн тонна жүк жана 271,6 миң жүргүнчү ташыган.

Мындан тышкары, быйыл «Балыкчы пляж» аялдамасы биринчи жолу ишке берилген. Бул жарандарга жана туристтерге поезд менен түз эле көл жээгине жетүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Көчмө жыйындын алкагында депутаттар Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу менен да таанышышты. Ишкананын жетекчиси Азамат Сакиев маалымдагандай, 30-чакырымдан 44-чакырымга чейинки бөлүктө суу куурларын орнотуу, бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 37 чакырым аралыкта үстүңкү темир жол курулушу бүткөрүлүп, 38-чакырымда рельс жана шпалдарды жеткирүү жумуштары аткарылууда.

63 чакырымга созулган Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушунун жалпы наркы 9 миллиард 472 миллион сом деп бааланууда.

Иш сапардын соңунда депутаттар Бишкек-2 жана Балыкчы темир жол бекеттерин, ошондой эле Кочкор районунда жумушчулар үчүн курулган жатакананы да барып көрүштү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар