Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖогорку Соттун судьясы Аскат Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулду

Жогорку Соттун судьясы Аскат Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулду

Жогорку Кеңештин комитетинде Аскат Сыдыковду Жогорку соттун судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды. Анын ээлеген кызматынан бошотулушу менен бирге судьялык ыйгарым укуктары да токтотулат.

Парламенттин тармактык комитети Садыр Жапаровдун сунушун колдоп берди.

Буга чейин Соттор кеңеши Сыдыковго кызматынан бошотуу түрүндөгү дисциплинардык жаза колдонууну чечкен.

Аскат Сыдыковдун сот системасында иштегенине 20 жылдан ашты. Бул жылдары Биринчи Май жана Свердлов райондук сотторунун судьясы болгон. 2018-жылдан бери Жогорку соттун судьясы.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар