whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Биз – таза Кыргызстан үчүн"

«Биз – таза Кыргызстан үчүн»

Президент Садыр Жапаров Ала-Арча жаратылыш паркында ишембилик учурунда жарандарды экологияга аяр мамиле жасоого чакырып, эс алуучуларды таштандыларды калтырбоого үндөгөн.

Бул демилгени колдоп жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинин жамааты өткөн жумада Байтиктин Бас-Бөлтөгүндө “Биз – таза Кыргызстан үчүн” аталышындагы ишембилик өткөрдүк. Гезит жамааты жол боюндагы жана тоо этегиндеги таштандыларды терип, жалпысы 20 чоң мүшөк таштанды чогулттук.

Муну менен “Кыргыз Туусу” элди тазалыкка үндөп, “Биз – таза Кыргызстан үчүн” акциясын улантууну башкаларга да сунуштады. Кесиптешибиз Наргиза Козубаеванын кичинекей кызы Курманжан биз таштанды чогултуп жүргөндө ошол жердин көрүнүшүн сүрөтүн тартыптыр. Наристенин жаратылыштын кооздугун көркөм кабыл алуусу, аны чагылдырууга аракети баарыбызды  толкундатып турду. Редактордун орун басары Керим Айдаров ал сүрөттү символика катары “Кут Билим” гезитинин редакциясына өткөрүп берди. Аталган гезиттин редактору Майрамбек Токторов тазалык акциясын демилгелеп, жакшы саамалыкты баштап берген “Кыргыз Туусу” гезитинин жамаатына ыраазычылык билдирди. Ал аталган эстафета журналисттер арасында колдоого алына турганына ишене турганын айтты.

Ушул жерде “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың”, – деген кыргыздын сөзүн эске келе калып жатат. Анткени, жаратылышка аяр мамиле кылууга, балдарды жаштайынан тарбиялашыбыз, аларга өзүбүз үлгү болушубуз керек экен. Өкүнүчтүүсү көпчүлүгүбүз унаа айдап баратып, суусундуктардын бөтөлкөлөрүн терезеден ыргытабыз. (Биз чогулткан жол боюндагы таштандылардын көпчүлүгү ушундай желим бөтөлкөлөр эле). Анан дагы көчөдө баратып колубуздагы таштандыны туш келди жерге, көбүнчө арыктын ичине ыргытып кетебиз. Муну көрүп чоңойгон балдарыбыз ушундай кылса болот турбайбы деген нерсени мээсине сиңирип алышат. Ошондуктан ата-энелер таштандыны атайын челекке салганды, көчөдө жаткан таштандыны алып коюуну адатка айланталы. Балдарыбызга өзүбүз жакшы жолду көрсөтсөк, үлгү болсок алар дагы экологияга аяр мамиле жасаганга калыптанышат.

Айтмакчы, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, Бишкектен күнүнө 1300 тоннага чейин таштанды чыгат, Анын 800-900 тоннасын “Тазалык” чыгарса, калганын жеке компаниялар тейлейт. Бул цифралар шаар ичиндеги гана көрүнүш, ал эми тоо этектериндеги, эс алуучу жайлардагы тазаланбай жаткан таштандылар жогорудагы айтылганга кирбейт. Албетте, “Тазалык” ишканасы бул таштандылардын баарын тазалоого физикалык жактан жетишпейт. Андыктан табиятты сактоо үчүн эс алууга барган ар бир жаран өзүнүн таштандысын өзү ала кетүүсү
абзел.

Султанбек АМАНБЕК уулу, 
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар