Адамдын ден соолугу кымбат дары-дармекке эмес, күн сайын жеген азыгына байланыштуу экени байма-бай айтылып келет. Биз кээде кымбат кошумчаларды издеп, эң жөнөкөй, табият берген дары-азыктарды байкабай калабыз. Төмөндө ошол «майда, бирок пайдалуу» азыктардын айрымдарын жана алардын организмге тийгизген таасирин сунуштайбыз.
Зыгыр – жүрөккө кам көргөн дан
Бул майда күрөң данчалардын курамында Омега-3 май кислоталары өтө көп. Алар жүрөк жана кан тамыр ооруларынын алдын алып, кандагы холестеринди азайтат. Ошондой эле зыгыр уругу ичегинин иштешин жакшыртып, денедеги уулуу заттарды чыгарат.
Кеңеш: Күнүнө 1 чай кашык зыгыр уругун айранга, боткого же салатка кошуп жеп турсаңыз жетиштүү.
Лимон – иммунитеттин тиреги
Лимон С витамининин эң күчтүү булагы. Ал организмди суук тийүүдөн жана вирус инфекцияларынан сактайт. Таң эртең менен жарым лимонду жылуу сууга кошуп ичүү – эң жөнөкөй, бирок натыйжалуу детокс ыкмасы. Ал канды тазалап,
боордун ишин жеңилдетет.
Сарымсак – табигый антибиотик
Сарымсак илдеттерге каршы күрөшүүдө байыртан эле колдонулуп келген. Анын курамындагы аллицин деген зат микробдорду жок кылып, кан басымды жөнгө салат. Ошондой эле жүрөк ооруларынын тобокелин
азайтат.
Кеңеш: Күнүнө 1–2 тиш чийки сарымсак жеп же тамакка кошуу пайдалуу.
Бал – табияттын таттуу дарысы
Бал – табигый энергия булагы. Ал чарчоону басат, уйкуну жакшыртат жана иммунитетти бекемдейт. Бал жара айыктыруучу касиетке да ээ.
Кеңеш: Таң эртең ач карын 1 чай кашык балды жылуу сууга кошуп ичүү – организмди тазалайт жана күч-кубат берет.
Жаңгак – мээнин азыгы
Жаңгактын курамы белокко, темирге жана магнийге бай. Ал мээнин ишин жакшыртып, эс тутумду бекемдейт. Ошондой эле жүрөккө пайдалуу майларды камтыйт.
Кеңеш: Күнүнө 3–5 даана жаңгак жеп туруу жетиштүү.
Алма – күн сайын жеген дары
Алма – эң жөнөкөй, бирок эң пайдалуу мөмө. Ал ашказанды тазалайт, боордун ишин жакшыртат жана темир булагы катары аз кандуулуктун алдын алат. Элде айтылгандай: «күнүнө бир алма жеген адам дарыгерден алыс болот».
Брокколи – жашыл коргогуч
Брокколи – ракка каршы касиетке ээ жашылча. Витамин С, кальций жана антиоксиданттарга бай. Ал организмди уулуу заттардан тазалайт жана иммундук системаны бекемдейт.
Батат (таттуу картошка) – табигый энергия
Бул жашылча көздүн көрүүсүн жакшырткан бета-каротинге бай. Диабет менен ооругандар үчүн да пайдалуу, анткени канттын деңгээлин көтөрбөйт. Ашказанга жеңил жана адамга энергия берет.
Табигый темир булактары
Петрушка, укроп, кинза сыяктуу жашыл чөптөр организмди тазалап, кан айланууну жакшыртат. Алар С витамини жана темирге бай болгондуктан, аз кандуулуктун алдын алат.
Кеңеш: Күн сайын ар бир тамак менен бирге жеген жакшы.
Жумуртка – табигый белок
Жумуртка – белоктун эң баалуу түрү. Ал мээнин ишин жакшыртып, көздүн көрүүсүн сактайт жана булчуңдарды бекемдейт.
Кеңеш: Күнүнө 1 бышырылган жумуртка – ден соолук үчүн идеалдуу өлчөм.
Жыйынтык
Бул азыктардын баары кымбат эмес, ар бир үйдө табылат. Бирок алардын ар бири адамдын организмин чыңдап, оорулардын алдын алат.
Эң маанилүүсү – туура өлчөмдө жана үзгүлтүксүз колдонуу. Табият өзү бизге керектүү азыктардын баарын берип койгон, аны туура пайдалана билүү гана керек.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

