Башкы беткеРубрикаларАймактарКадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып суугаруу системасы орнотулат

Кадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып суугаруу системасы орнотулат

Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы Алга айылында 200 гектар жерди бакка айлантуу максатында тамчылатып суугаруу системасын орнотуу иштерин баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө суугаруу системасына керектелүүчү түтүктөр жана башка жабдуулар кампага жеткирилди.

Мындан сырткары, бул жер тилкесин үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо үчүн эки даана тике кудук казылат. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Биринчи тике кудук 140 метр тереңдикте казылып, түтүктөр орнотулду. Экинчи кудукту казуу иштери да башталып, тийиштүү жабдуулар алынды.

«Бул долбоор Кадамжай районунда суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзүп, айыл чарба жерлерин натыйжалуу өздөштүрүүгө жана продуктивдүүлүктү жогорулатууга чоң салым кошмокчу», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар