Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы тексти менен музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча композиторлор, обончулар жана музыка ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда сынактын биринчи баскычынын жыйынтыгы чыгарылып, тандалып алынган беш мыкты текстке ылайык музыкалык чыгарма жаратуу үчүн экинчи баскыч жарыяланды.
Сынакка композиторлор, музыканттар, ырчылар, ошондой эле музыкалык чыгармачылык жамааттар, студиялар, союздар жана башка уюмдар катыша алышат. Катышуучулардын курамы 5 адамдан ашпашы керек.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
-
Музыкалык чыгарманы аспаптын коштоосунда же хор/оркестр менен вокалдык жана аспаптык аткаруудагы аудио же видеожазуу (USB-флеш менен);
-
Гимн долбоорунун ноталык жазуусу (партитурасы) кагаз жүзүндө;
-
Гимндин тексти кагаз жүзүндө;
-
Ар бир автор тарабынан жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдук.
Долбоорлордун кагаз жүзүндөгү вариантын 2025-жылдын 8-сентябрына чейин жөнөтүү талап кылынат.
Дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78.
Электрондук варианттары болсо төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: gimn.2025@minculture.gov.kg

