Ак үйдүн маалыматына караганда, Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү активдүү жүрүп, «деликаттуу, бирок чечүүгө мүмкүн болгон бир нече маселе» гана калды. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясы билдиргенин ТАСС жазды.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт социалдык тармактагы баракчасында мындай деп жазды:
«Өткөн жума ичинде АКШ Украина менен Россияны сүйлөшүү столуна отургузуу аркылуу тынчтык келишимине жетүү жолунда зор прогресске жетишти. Азыр деликаттуу, бирок жеңүүгө болбой турган кыйынчылык эмес, чечүүгө боло турган бир нече маселе калды. Бул маселелерди Украина, Россия жана АКШнын ортосундагы мындан аркы сүйлөшүүлөр аркылуу тактоо зарыл».
Эске салсак, буга чейин Ак үй Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жаңы план даярдалып жатканын билдирген. Жекшемби күнү бул план боюнча АКШ жана Украина Женевада консультация өткөрүшкөн. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушууну «конфликт башталгандан берки эң жемиштүү» деп атады


