Кечээ, 25-ноябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Президенттик администрация билдирди.
Жогорку конокту «Манас» эл аралык аэропортунда президент Садыр Жапаров тосуп алды. Салтка ылайык флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Перрондо улуттук юрталар орнотулуп, этно-жоокерлер аңчылык куштары жана тайгандар менен көчмөн маданияттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле кыргыз артисттеринин катышуусунда кыскача концерттик программа уюштурулуп, эки элдин ыр-күүлөрү аткарылды.
Бүгүн, 26-ноябрда, эки өлкөнүн лидерлери расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо багыттарын талкуулашат. Мындан сырткары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

