whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан Африкага жүз бурууда

Кыргызстан Африкага жүз бурууда

2025-жылдын 24-февралынан 7-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун бир катар Африка өлкөлөрүнө жасаган (Руанда, Кения, Түштүк Африка, Ботсвана, Ангола) расмий иш сапары бул  мамлекеттер менен саясий, экономикалык жана дипломатиялык байланыштарды чыңдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин жылдыруудагы маанилүү этап болуп калды.

Сапардын максаты эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигине эл аралык колдоону күчөтүү болду. Бул Кыргызстандын эгемен тарыхындагы Африка чөлкөмүнө биринчи жолку жогорку деңгээлдеги иш сапар болуп саналат.

Африка өлкөлөрүнүн колдоосу

Бардык өлкөлөрдө делегация президенттердин, вице-президенттердин, премьер-министрлердин жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде кабыл алынды. Кигалиде, Найробиде, Преторияда, Габоронеде жана Луандада кыргыз делегациясы жоопкерчиликтүү өнөктөш жана дүйнөлүк процесстердин активдүү катышуучусу катары өз көз карашын тааныта алды.

Руанда жетекчилиги Кыргызстандын реформалар жаатындагы жетишкендиктерин жогору баалап, БУУнун Коопсуздук Кеңешине анын талапкерлигин колдоорун билдирди. Анголанын президенти Жуан Мануэль Гонсалвеш Лоренсу экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин ырастап, Кыргызстанды толук колдой турганын билдирди. Ботсванада эки өлкөнүн ортосунда расмий түрдө дипломатиялык мамилелер түзүлдү.

Руанданын премьер-министри Эдуард Нгиренте жана Ботсвананын вице-президенти Ндаба Гаолате кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, диалогду тереңдетүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

Жаңы дипломатия: экономикалык жана климаттык альянстар

Кенияда БУУнун Найробидеги башкы директору Зейнеб Бангура жана UNEPтин аткаруучу директору Ингер Андерсен менен жолугушуулар өттү. Анда климаттык коопсуздук маселелери, Кыргызстандын эл аралык экологиялык күн тартибиндеги ролу, UNONдун штаб-квартирасында Кыргызстандын “улуттук бурчун” түзүү мүмкүнчүлүктөрү көтөрүлдү.

Түштүк Африкада Эдил Байсалов министр Рональд Ламола жана вице-президент Пол Машатиле менен жолугушту. Түштүк Африка БУУнун Коопсуздук Кеңешинин реформасын жигердүү илгерилетип жаткан алдыңкы Африка өлкөлөрүнүн бири жана Кыргызстан менен байланыштарды чыңдоого олуттуу кызыкдар экенин көрсөттү.

Кыргызстан – глобал Түштүктүн ишенимдүү үнү боло алат

Кыргызстандын делегациясы БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланган учурда өлкөнүн стратегиялык көз карашын билдирди: бул начар өнүккөн өлкөлөргө, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге, климаттык адилеттүүлүккө, адам укуктарын коргоого жана туруктуу өнүгүүгө көңүл буруу болуп саналат.

Кыргызстан БУУну адилеттүү реформалоо идеясын алдыга жылдырып, тең укуктуу өкүлчүлүккө жана глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын урматтоого басым жасайт.

Мындан тышкары, бардык борборлордо Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (2026) жана «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине (2027) расмий чакыруулар жарыяланды.

Түркиянын бир туугандык мамилеси

Түркия Республикасынын Африка өлкөлөрүндөгү дипломатиялык өкүлчүлүктө­рүнүн активдүү колдоосун өзгөчө белгилей кетүү керек. Түркиянын Кения, Түштүк Африка, Ботсвана жана Анголадагы элчиликтери логистика менен камсыздап, узатуу жана тосуп алууларды уюштуруп, кыргыз делегациясынын урматына кабыл алууларды уюштурушту.

Түрк дипломаттары африкалык лидерлердин ишенимине ээ болуу үчүн жеке сапарлардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, БУУ алкагында кампанияны кантип өткөрүү боюнча баалуу сунуштарын бөлүштү.

Редакциядан: БУУнун Уставынын  23-беренесине ылайык БУУнун башкы органы Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү бар, анын бешөө туруктуу, калган ону ар бир эки жылда шайланып турат. Коопсуздук Кеңешинин чечимдери бардык мамлекеттер жана эл аралык мамилелердин субъекттери үчүн милдеттүү. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштаганын президент Садыр Жапаров Башкы Ассамблеянын 78-сессиясында расмий билдирген.

    Буунун Баш катчысы Антониу Гутеррш Кыргызстанга келгенде да президент С.Жапаров мүчөлүккө ниетин билдирген.  Ал эл аралык коопсуздукту камсыздоонун иштиктүү системасын түзүү зарылдыгын белгилеген. Бул мааниде БУУнун Коопсуздук Кеңеши дүйнөдөгү коопсуздуктун башкы механизми болгондуктан, аны ролун жогорулатуу абзел. Кыргыз лидери таамай айткандай, бул жагдайда БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо маселесинде прогресске жетишүү кажет.

Кыргызстан дүйнөлүк коопсуздукту камсыздоого жана тынчтыкты орнотууга өз салымын кошууга дилгир жана жөндөмдүү мамлекет. Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө умтулуусу абройдун же кадыр-барктын гана иши эмес, жоопкерчиликтин жана саясий таасирдин маселеси. Бул дүйнөлүк уюмдун сценасындагы активдүүлүк, зор иштерге катышуу укугу, таасир этүү мүмкүнчүлүгү жана статус. Кыргызстан дүйнөлүк аренадагы демилгелердин ээси, орчундуу окуялардын чордону болууга ниети бекем. Демек глобалдык күн тартибин аныктоого жана жалпы маселелерди, эл аралык проблемаларды чечүүгө Коопсуздук Кеңешине мүчөсү катары катышуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

   Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө талапкер Кыргызстанга атаандаш Филиппин буга чейин бир ирет мүчө болгон. Кыргызстан мүчө боло элек. Андыктан адилет өкүлчүл принциби жана өлкөнүн эл аралык аренадагы ордуна жараша Кыргызстандын мүчө болмогу реалдуу шанс, калыстык чечим болмокчу.

Кечээ жакында Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары, Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү иш сапары менен Кыргызстанга келишти. Элчилерди президент да кабыл алды. Тышкы иштер министрлиги уюштурган бул визит да Кыргызстандын БУУнун аренасындагы жигердүүлүгүнүн бир көрүнүшү.

Сыргак ЭСЕНБЕК

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар