whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешКыргызстан менен Кытай маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоодо

Кыргызстан менен Кытай маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоодо

26-майда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева Пекинде өткөн Кытай Коммунисттик партиясы менен Евразия өлкөлөрүнүн саясий партияларынын ортосундагы диалогго катышты. 

Депутат тынчтык жана туруктуу өнүгүү үчүн диалог маанилүү экенин белгилеп, эки өлкөнүн тарыхый жана маданий байланыштары Улуу Жибек жолу мезгилинен бери калыптанганын эске салды.

Гүлсүнкан Жунушалиева маданий-гуманитардык байланыштар, билим берүү жана медицина тармагындагы кызматташтык жакшы натыйжаларды берип жатканын айтты. Ал Кыргызстандагы жаштардын Кытайда билим алууга кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, «Лу Бан устаканасы» өңдүү долбоорлорго токтолду.

 «Акыркы жылдарда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын оң динамикасы байкалууда. Бул кызматташтык маданият, искусстово, билим берүү, илим жана саламаттык сактоо сындуу негизги тармактарды камтыйт», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле депутат медицина, туризм жана аймактар аралык байланышты тереңдетүү зарылдыгын баса белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар