Башкы беткеСаясат жана коомКоомБардык каржылык документтер электрондук түрдө болот

Бардык каржылык документтер электрондук түрдө болот

Дебюрократизациянын алкагындагы негизги сунуштардын бири жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн отчеттуулук жөнөкөйлөтүлөт. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Аяз Баетов журналисттер менен болгон пресс-бранчта билдирди.

Анын айтымында, Каржы министрлигине кагаз түрүндө бухгалтердик отчет берүүдөн таптакыр баш тартуу сунушталууда. Бардык зарыл болгон финансылык документтер электрондук түрдө гана түзүлөт.

«Бул убакытты, ресурстарды үнөмдөйт жана жергиликтүү бийлик органдары үчүн да, республикалык структуралар үчүн да процесстерди жөнөкөйлөтөт», — деп белгиледи Баетов.

Анын айтымында азыр кагаз түрүндө берилген отчетторду кайра электрондук түрүндө дагы берип, бирин-бири кайталоодо.

“Бизде дагы эле компьютерде отчет түзүү, андан кийин аны кайра кагазга чыгарып, тиркелип, сакталат. Бул өзгөчө каржы бөлүмдөрүнүн убактысын алат жана чыгым дагы болушат”, — деп баса белгиледи ал. Сунуш буга чейин эле эки эселенген отчеттуулуктун түйшүгүнө кабылган каржы институттарынын өкүлдөрүнөн оң жооп алган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар