Кыргызстандын Министрлер кабинети мунай жана мунай продуктыларын ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өзгөртүүлөр 2021-жылдын 1-мартындагы №66 токтомго киргизилди. Жаңы редакцияга ылайык, мунай жана айрым мунай продуктыларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу чыгарууга жалпы тыюу салуу күчүндө калат.
Ошол эле учурда өкмөт ата мекендик мунай иштетүүчү ишканалардын ишин камсыз кылуу үчүн айрым жеңилдиктерди киргизди. Чектөөлөрдөн төмөнкү продукциялар чыгарылды:
- АИ-92 (К-2) жана АИ-80 маркасындагы бензин;
- К-2 маркасындагы дизель майы;
- чийки мунай;
- мазут жана жылытуу үчүн колдонулуучу отун.
Бул жеңилдиктер Кыргызстандын мунай иштетүү тармагындагы негизги ишканалар болгон Чайна Петроль Компани Джунда жана Кыргызнефтегаз компанияларына тиешелүү экени белгиленет.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Адистердин айтымында, дүйнөлүк энергетикалык рынокто туруксуздук байкалууда. Иран менен Израильдин ортосундагы чыңалуунун күчөшү мунайдын баасынын өсүшүнө алып келүүдө. Ушундай шартта мунайды импорттоого көз каранды өлкөлөр ички рынокту коргоо үчүн экспорттук саясатты өзгөртүүгө мажбур болууда.

