Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдиргендей, алдыдагы күндөрү Бахрейн жана Кувейттеги кыргызстандыктар эвакуацияланат. Бул иштер президенттин Жакынкы Чыгыштагы жарандарды алып келүү тапшырмасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Аталган жарандар Сауд Аравиясы аркылуу өлкөгө жеткирилет.
Жумакадыр уулунун айтымында, Бахрейнде 82, Кувейтте 480 кыргызстандык бар. Алардын ичинен Кувейттен болжол менен 70, Бахрейнден 80дей жаран жакын арада алып келинет. Бирок жарандардын жеке чечимдерине байланыштуу тизме өзгөрүп турат. Ошондой эле Катарда дагы кыргыз жарандары бар экендиги белгиленди.
Директор буга чейин өлкөгө алып келинген жарандар тууралуу да токтолду. Анын маалыматына караганда, мурда Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Аравиясынан үч учак менен 420 кыргызстандык эвакуацияланган, алар мамлекеттин эсебинен акысыз учуп келишкен.

