whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарБалыкчыда өлкөдөгү биринчи шамал электр станциясынын пайдубалы куюлду

Балыкчыда өлкөдөгү биринчи шамал электр станциясынын пайдубалы куюлду

Кыргызстанда биринчи шамал электр станциясынын пайдубалы куюлду. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул күн чыныгы өзгөрүүлөрдүн символуна айланды. Кыргызстан шамал энергетикасын өнүктүрүүдө биринчи жолу сөздөн ишке өтүп жатат», — деп билдирди Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, шамал электр станциясын «Метрум ТЭК» компаниясы Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Каракол эркин экономикалык аймагында курууда. Ал 2025-жылдын август айында кубаттуулугу 1 МВт болгон алгачкы шамал генератору ишке берилет. Жалпы 100 МВтка эсептелген шамал паркы эки фазада курулат:

-биринчи фазада — 21 турбина, жалпысынан 50 МВт,

-экинчи фазада — ар бири 2,5 МВт болгон дагы 20 турбина.

Шамал электр энергиясы толук ишке киргенден кийин, жылына 250 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын өндүрө алат. Бул регионду туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого жана салттуу энергия булактарына болгон жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Курулуш жана эксплуатациялоо этаптарында бул станция 50гө чейин жумуш ордун түзүп, жергиликтүү бюджетти камсыздайт жана социалдык инфраструктурага инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар