29–31-январь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар көчкү түшүү коркунучу төмөнкү аймактарда жогору:
Бишкек – Ош унаа жолунун 198–255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45–90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65–101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу;
Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0–3-чакырымдарында.
Ошондой эле жолдордо тайгактык жана муз тоңуу күтүлөт. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.
ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды жолго чыгаарда аба ырайынын шарттарын эске алууга, мүмкүн болсо тоолуу аймактарга чыгууга чектөө коюуга чакырат.

