Быйыл Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты бир убакта оңдоп-түзөлөт

2026-жылы Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, учурда эки гидроагрегат боюнча даярдык жана инженердик-техникалык иштер башталган. №2 гидроагрегатты реконструкциялоо 1-февралда, ал эми №1 гидроагрегатты 1-мартта баштоо пландалууда.

Иштерди башкы подрядчы — Кытайдын CNEEC (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы аткарат. Бардык реконструкциялоо иштери бекитилген календарлык графикке ылайык жүргүзүлүп, техникалык талаптар жана өнөр жай коопсуздугунун нормалары так сакталат.

Гидроагрегаттарды параллелдүү жаңылоо станциянын орнотулган кубаттуулугун этап-этабы менен жогорулатууга мүмкүндүк берет. Тактап айтканда, 2025-жылдын жыйынтыгында реконструкциялоонун эсебинен Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 18 МВтка өскөн. Ал эми 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча орнотулган кубаттуулуктун жалпы өсүшү 36 МВтты түзмөкчү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз