Дүйнөлүк рыноктордогу геосаясий чыңалуунун күчөшү инвесторлорду суверендүү облигациялардан жана улуттук валюталардан чыгууга мажбурлап, капиталды коопсуз активдерге багыттоого түртүүдө. Бул шартта алтынга болгон суроо-талап кескин өсүп, баасы тарыхый жогорку деңгээлге жетти.
Аптанын башында унциясы 5 миң доллар чегинен ашкан алтын Европада шаршемби күнү 4%га жакын кымбаттап, 5 300 доллардан жогору сатылды. Күмүш да өсүштү көрсөтүп, баасы 6%дан ашык жогорулап, унциясы 113 долларга жетти.
Адистердин белгилешинче, акциялардан жана облигациялардан айырмаланып, баалуу металлдар пайыздык киреше алып келбейт. Бирок алар инфляциядан, экономикалык төмөндөөлөрдөн жана саясий туруксуздуктан коргонуу куралы катары узак мөөнөттүү баалуулугун сактап калуу мүмкүнчүлүгү менен инвесторлорду кызыктырат.
Жыл башынан бери алтындын баасы 20%дан ашык өстү. Инвесторлорду өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы узакка созулган жаңжалдар, дүйнөлүк сооданын саясий басым куралына айланышы жана глобалдык коопсуздукка байланыштуу коркунучтар тынчсыздандырууда.
Ошол эле учурда АКШ доллары да салттуу “коопсуз валюта” макамын жоготуп бараткандай. Дональд Трамптын администрациясынын туруксуз саясий чечимдеринен улам доллар акыркы бир жылда болжол менен 10%га арзандады. Алтын үчүн бул жагдай кошумча түрткү болуп, доллардын алсыроосу металлды чет элдик сатып алуучулар үчүн салыштырмалуу арзан кылууда.
Эксперттердин пикиринде, геосаясий белгисиздик сакталган шартта алтынга болгон кызыгуу жакынкы мезгилде да жогору бойдон калат.

