Бишкекте Борбор Азия – АКШнын бизнес форуму өтөт

4–5-февралда Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын B5+1 бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чара Министрлер Кабинети тарабынан Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте уюштурулат.

Белгиленгендей, B5+1 бизнес форуму Борбор Азия – АКШ дипломатиялык форматынын алкагындагы негизги бизнес-платформа болуп саналат.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрү жана АКШ менен аймактык диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар болгон жеке сектордун өкүлдөрү, бизнес-ассоциациялар жана эксперттик коомчулук катышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз