Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик автомектептерде айдоочулукка окутуунун баасы боюнча так маалымат берди.
Анын айтымында, соңку күндөрү коомчулукта автомектептер жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча түрдүү талаш-тартыштар болуп, айрым так эмес маалыматтар тараган. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров маселеге кеңири түшүндүрмө берген.
Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы билдирүүсүндө айрым жеке автомектептердин өкүлдөрү окутуунун баасы 100 миңден 200 миң сомго чейин жетет деген ушактарды таратып жатканын, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
Анын маалыматына ылайык, мамлекеттик автомектептерде окутуунун расмий баасы 19 миң сом болуп бекитилди. Ал эми практикалык сабактардагы күйүүчү май сыяктуу кошумча чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт.
Ошол эле учурда бул баа мурда иштеп келген жеке автомектептердеги окуу жана практика үчүн алынган 35–36 миң сомдук төлөмдөргө салыштырмалуу кыйла арзан экени белгиленди.

