Тышкы иштер министрлиги: 2025-жылы 633 эл аралык келишимге жана документке кол коюлган

0
7682

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынында 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары чыгарылып, үстүбүздөгү жылга артыкчылыктуу милдеттер белгиленди.

Жыйында 2025-жылдын башкы саясий жетишкендиги катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселесинин жөнгө салынышы белгиленди. Бул багыттагы дипломатиялык иштер региондогу туруктуулукту жана коңшулук мамилелерди чыңдоодо маанилүү роль ойногону айтылды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы учурда 185 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Ошондой эле Африка континентинде Кыргызстандын биринчи Элчилиги ачылып, өлкөнүн тышкы саясаттагы географиясы кеңейди. Жыл ичинде 190 эл аралык иш-чара өткөрүлүп, 633 эл аралык келишимге жана документке кол коюлган.

Коллегияда экономикалык дипломатияны өнүктүрүү өзгөчө багыт катары белгиленип, инвестиция тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, мультимодалдык ташууларды жана санариптик логистиканы илгерилетүү зарылдыгы айтылды. Ошондой эле энергетика, анын ичинде шамал, күн энергетикасы жана кичи ГЭСтер боюнча эл аралык долбоорлорду алдыга жылдыруу маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, ири туристтик долбоорлорго чет элдик инвестиция тартуу жана Кыргызстандын эл аралык туристтик имиджин бекемдөө тышкы иштер органдарынын маанилүү милдеттеринин бири катары белгиленди.

Коллегиянын жыйынтыгында Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында 2026-жылы Бишкекте өтө турган саммитке даярдык көрүү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгы баса белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз