АКШда 2026-жылдын 26–27-январында күчөп турган кышкы бороон өлкөнүн ондон ашык штаттарын каптап, 40тан ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу The Guardian кабарлады.
Бороондун кесепетинен электр жарыгы жарым миллионго жакын тургунга берилбей калган. Ири көйгөйлөр негизинен түштүк штаттарда катталган, анткени муздак жаандан улам дарактын бутактары сынып, электр линиялары талкаланган. Бийлик өкүлдөрү электр энергиясын калыбына келтирүүбир канча күнгө созулушу мүмкүн экенин эскертишти.
Кардын калыңдыгы 30 смден ашкан. Аймактарда жол кыймылы токтоп, авиакаттамдар жокко чыгарылып, мектептер жабылган.
Адистердин маалыматына ылайык, бороондон жабыркаган адамдардын саны 200 миллионго жеткен. Кээ бир аймактарда кардын калыңдыгы 40 смге жеткен.
АКШдагы бийлик органдары тургундарды аба ырайына ылайык аракет кылууга, керексиз жолго чыкпоо жана коопсуздукту сактоо тууралуу эскертүүдө.

