Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну, фермер Бото Күрөңкеев менен жолугушту.
Жолугушууда фермер Бото Күрөңкеев үй-бүлөсү 1980-жылдардан бери төө багып келе жатканын белгилеп, бул тармакты мындан ары өнүктүрүү жана Нарын облусунан башка аймактарга жайылтуу боюнча демилгелерин билдирди. Анын айтымында, төө чарбачылыгы экономикалык жактан пайдалуу гана болбостон, экологиялык жактан да туруктуу багыт болуп саналат.
Министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев төө чарбачылыгын өнүктүрүүнүн келечеги кең экенин белгилеп, мал башын көбөйтүү, продукцияны кайра иштетүү жана ички-сырткы рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Ошондой эле бул багытта мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
Маалыматка ылайык, төөнүн эркеги 400–500 килограммга чейин эт берет. Мындан сырткары, төө жүнүнө ички жана тышкы рынокто суроо-талап жогору. Төө жүнүнөн токулган жана тигилген кийим-кечелер, ошондой эле дарылык касиетке ээ буюмдар учурда активдүү сатылууда.
Адистердин айтымында, төө 40 күнгө чейин суу ичпей чыдай алат, 40 градуска чейинки суукка жана 50 градус ысыкка туруктуу. Ошондой эле жылдын төрт мезгилинде эти жана сүтү пайдаланууга жарамдуу болгон уникалдуу мал катары бааланат.
Белгиленгендей, бул демилге өлкөдө унутулуп бара жаткан төө чарбачылыгын кайра жандандырууга, мал чарба тармагын диверсификациялоого жана айыл жергесинде жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.

