Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине карата бюджети тууралуу мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Документтин максаты – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн негизги параметрлерин, ошондой эле 2027–2028-жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрүн бекитүү болуп саналат.
Ага ылайык, Фонддун 2026-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча тең өлчөмдө — 10 млрд 737 млн 596 миң сом деп белгиленди.
2027-жылга бюджеттин болжолдуу көлөмү 11 млрд 310 млн 222,3 миң сом, ал эми 2028-жылга 12 млрд 54 млн 547,2 миң сом өлчөмүндө каралууда.
Фонддун бюджетин түзгөн негизги булактар болуп республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жана Социалдык фонд тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү саналат.
Тактап айтканда, 2026-жылы республикалык бюджеттен 2 млрд 57 млн 870,4 миң сом, ал эми Социалдык фонддун бюджетинен 6 млрд 503 млн 418,2 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.
Мындан тышкары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 541 млн 951,5 миң сом деп аныкталды.
Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

