Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Фу Цун Жапониянын премьер-министри Такаити Санаэнин Тайвань маселеси боюнча мурда айткан билдирүүлөрүн кайрадан сынга алды. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги жыйында айтылды.
Маалыматка ылайык, Такаити Санаэ 2025-жылдын ноябрында парламенттеги жыйында Тайвань айланасындагы күч колдонуу коркунучу Жапониянын улуттук коопсуздугуна түздөн-түз таасир этиши мүмкүн экенин билдирген.
Фу Цун аталган билдирүүлөрдү Кытайдын ички ишине орой кийлигишүү катары баалап, Жапониянын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин айтты.
Буга жооп катары Жапониянын БУУдагы өкүлү Ямадзаки Кадзуюки кытай тараптын айыптоолорун негизсиз деп атап, өкүнүч жаратканын билдирди. Анын айтымында, Жапония согуштан кийинки мезгилде тынчтыкты карманган саясат жүргүзүп, эл аралык коомчулуктун тынчтыгына жана туруктуулугуна олуттуу салым кошуп келет.
Ошондой эле ал Кытайды дүйнөлүк туруктуулукту чыңдоого багытталган объективдүү диалог жүргүзүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрынан бери Кытай Такаити Санаэнин Тайвань боюнча билдирүүсүн артка кайтарып алуу чакырыгы менен БУУнун Башкы Ассамблеясында жана Коопсуздук кеңешинде бир нече жолу кайрылган. Жапон тарабы болсо бул чакырыктарга сабырдуулук жана диалог жолу менен жооп берерин билдирип келет.

