whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.02.2026
5.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАрмения менен Азербайжан суюлтулган газ жана битум жеткирүү боюнча макулдашты

Армения менен Азербайжан суюлтулган газ жана битум жеткирүү боюнча макулдашты

Армения менен Азербайжандын өкүлдөрү Азербайжандын аймагы аркылуу Арменияга темир жол менен суюлтулган газ жана битум жеткирүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Армениянын экономика министри Геворг Папоян билдирди.

Министрдин айтымында, жетишилген макулдашуу армениялык ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Биздин ишкерлер бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышат», — деп жазган Г. Папоян социалдык тармактагы баракчасында.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын декабрь айында Арменияда суюлтулган газды импорттоодо кыйынчылыктар жаралган. Бул Ирандагы окуяларга, ошондой эле Россия менен Грузиянын чек арасындагы Жогорку Ларс өткөрмө пунктунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүнө байланыштуу болгон.

Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында Армения менен Азербайжандын жетекчилери бири-биринин аймагы аркылуу жүк транзитине коюлган чектөөлөрдү өз ара алып салуу тууралуу билдиришкен. Андан бери Азербайжандын аймагы аркылуу Арменияга айрым жүктөр жеткириле баштаган.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар