Андорра Княздыгы (Эң кичине мамлекеттер)

          Аянтына карата кичинекей мамлекет деп эсептелинет. 468 чарчы километр. Калкынын саны – 85 миңден бир аз ашык. Пиреней жарым аралынын чыгышында жайгашкан, деңизге чыкпайт, түндүгүнөн Франция, түштүгүнөн Испания менен чектешет.

Андорра Жер Ортолук деңизинин мээлүүн, жагымдуу абасынын огундагы, батышынан, чыгышынан жана түндүгүнөн тоолор менен курчалган чөйчөктү элестетет. Климаты жумшак, жагымдуу. Тоолуу өлкө, эң жапыз жери деңиз деңгээлинен 880 м, бийик жери 2900 метр-ден жогору. Кома-Педроса чокусу – 2947 м.
Андорранын Борбор шаары Aндoppa-лa-Beлья, Baлиpa дарыясынын боюнда жайгашып, Европадагы эң бийик калаа (1000 м). Капчыгайларында кызыл карагай, карагай, арча, эмен, каштан сыяктуу бактар жыш өсөт, шалбаалуу дөңсөөлөр малга ылайыктуу, өрүшү майлуу.

Мөңгүлөрдөн сызылып чыккан суулар көп сандаган кооз көлдөрдү пайда кылгандыктан, чокусу кар баскан, жылуу керимсел уруп турган, этеги жашыл майсаң, гүлбакча капчыгайлар, киши баспаган ормон токойлор туристтер үчүн табылгыс керемет. Тоо койнундагы көлдөр, мисалы, Эстанис дель Ангонелла көлдөр топтому дүйнөгө белгилүү.

Андорранын тоолору лыжа тебүүчү эң сонун жайлары менен белгилүү, декабрдан апрелге чейин кары калың, күнөстүү тоолордо лыжа сезону миллиондогон кишини өзүнө тартып турат. Туристтик өлкө – жылыга 15 миллиондон ашык турист келет. Энкамп, Эскальдэс, Сант-Жулия-де-Лория, Ла-Масанна, Канильо, Санта-Колома, борбор калаа Андорру-ла-Вельядагы 2 миңден ашуун мыкты дүкөндөргө Европадан сансыз киши агылып келип соода кылат. Андорра Европадагы эң ири «duty free» аталат.

Бажы алымы, салыктар салынбагандыктан не бир саркеч кийимдер, сапаттуу товарлар Европанын калган өлкөлөрүнө караганда 35-60 пайызга арзан. Францияда же Германияда чыгарылган автомобилдер Андоррада завод баасында сатылат. Мамлекет товарлардан бажы алымы, салык салбаганы менен, өлкөгө күргүштөп кирген аларман менен сатармандын көптүгүнөн кыйла киреше табат.

Андорранын тарыхы кызык. Улуу Карлдын тушунда 7З2-жылы Пуатьенин жанында жергиликтүү калктын жардамы менен француздар арабдарды талкалаган. 805-жылы падыша Людовик согушта каармандыгы үчүн Андоррага көз карандысыздыгын билдирген Улуу Хартияга (Маgna Carta) кол койгон. 1278-жылы француз гpaфы дe Фуa менен Иcпaниянын Уpxeл eпиcкoбу Андорраны биргелешип коргоо тууралуу (Aкт-Пapeaж) келишимин түзөт. 10 жылдан соң бул келишим кайра оңдолуп, өз коопсуздугунун кепилдиги үчүн Андорра княздыгы Франция менен Испанияга жылыга акы төлөөгө милдеттенет. Биринчи француз революциясынан кийин Aкт-Пapeaж жокко чыгарылат. 1806-жылы андорралыктар Наполеонго кайрылып, 1288-жылкы келишимди калыбына келтирүүнү өтүнөт. Ошондон бери келишим күчүндө.

Андорра княздыгы так сан менен аяктаган жылдары испан епискобуна 460 песета (күмүш тыйын), чүйгүн эттен 12 колбаса, 12 тоголок быштак, 12 кекилик, кызыл шарап, эки семиз кой, жуп жылдары Франциянын президентине тери баштыкка салынган 960 франк жеткирип турат.

Aндoppaнын аймагында 700 жылдан бери согуш боло элек, туруктуу армиясы жок, аскердин милдети он чакты полиция кызматкерине жүктөлгөн. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан эмес, бирок Германияга каршы согуш жарыялап, 1914-жылдан 1957-жылга чейин Германия менен согуш абалында болгон жалгыз өлкө. Андорра кымындай мамлекет болгондуктан, 1919-жылы Версал келишими түзүлүп жатканда чакырылбай калган. Андорранын коопсуздугу Франция менен Испаниянын мойнуна жүктөлгөн.

Кыргызстан менен Андорранын ортосундагы дипломатиялык мамиле 2014-жылы 26-сентябрда Нью-Йоркто түзүлгөн. Андорра Шенген келишимине кирбейт, бирок Шенген визасы менен өлкөнүн аймагында 3 ай жүрүүгө уруксат. Кыргыз жарандары бул өлкөгө кирүүгө визаны Франциянын же Испаниянын консулдуктарынан алууга болот.

Андорра 1933-жылы саясий кризиске туш болуп, орус барону Борис Скосырев бийликти басып алып, өзүн Андорранын падышасы атап, 1941-жылга чейин башкарган. 1933-жылы Андорра суверендүү парламенттик княздык деп жарыялаган. Борис падышанын тушунда Андоррада Франконун режиминен испан республикачылары баш калкалаган. Франциядан чочулаган Франко Андоррага дааган эмес. Падыша  Борис колго түшкөн соң, 1944-жылы Вернадагы концлагерде каза тапкан.

Андорра архитектуралык жана тарыхый эстеликтерге бай өлкө. Орто кылымдардагы сепилдер, келишкен ак сарайлар, чиркөөлөр, монастрлар баалуу мурас катары көздүн карегиндей сакталат. Каса-де лос-Валье сарайы сыяктуу байыркы имараттар эмгиче кызмат кылат, маселен Андорранын өкмөтү орто кылымдардагы сарайда жайгашкан. Байыркы тарыхтын күбөлөрү гана эмес, Андорра дүйнөдөгү автомобилдердин баары топтолгон автомобил музейи менен даңазалуу. Мындай музей башка өлкөлөрдө жок. Эcкaльдec-Энгopдaнь шаарындагы матрешкалардын эң бай коллекциясы топтолгон музейди көрүүгө миллиондогон туристтер келет.

Андорранын дүр-дүйүм тамак-ашы шилекей агызат. Түрдүү эттин аралашмасынан куурдак “Ла париллида”, деңиз азыктарынан жасалган “Марискада”, балык шорполору, колбасанын жана чучуктун өзгөчө түрлөрү Андоррада гана кездешет. Туризм менен киреше тапкан башка өлкөлөрдөй эле, Андоррада ар бир мейман урмат-сыйга бөлөнөт, бирок Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу баасы арзан, сапаты жогору. Тоо койнундагы, ачык асман астындагы жылуу суу толтурулган бассейндер, аскаларга жабыша салынган мейманканалар туристтер арасында абдан популярдуу.

Андоррада аэропорт менен темир жол жок. Жалпы узундугу 270 километр автожол, анан айыл-кыштактарды бириктирген жалгыз аяк жолдор гана бар. Эң коопсуз өлкөлөрдүн бири. Полиция тартип бузгандар менен тамашалашып отурбайт, олчойгон айып пул салып, өлкөдөн айдап чыгат. Жергиликтүү калк улуттук каада-салтты бекем сактайт, калыптанган жай турмушту, бейкапар тынч-тыкты бузууга жол бербейт. Княздыкта 1864-жылдан бери түpмө, түзөтүүчү колония жок. Айтмакчы, митингдер жана массалык нааразычылык акциялары дээрлик өтпөйт, нааразы болууга себеп да жок.

Андорранын улуттук валютасы жок, бирок дүйнөлүк акча рыногунда таасири зор, анткени банктарда дүйнөлүк капиталдын олчойгон үлүшү сакталуу. Андорра бизнес жана инвестиция үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Банк системасы өтө өнүккөн. Акчанын сыры бекем сакталат, бирок криминалдык акчаларды адалдоого жол бербегидей механизмдерди түзүп алышкан. Өз кызыкчылыгын катуу коргойт, өлкөдө иш кыла турган ар бир компаниянын уюштуруучуларынын 3/1 жергиликтүү калктын өкүлдөрү болууга тийиш. Андорранын жалпы аянтынын 4% айдоого жарактуу, бирок ар бир теше жерден мол түшүм алынат. Мал чарбачылыгы, айрыкча кой-эчки, бодо мал өстүрүү мыкты өнүккөн. Эскальдес шаарында жападан-жалгыз ГЭС бар, кубаттуулугу өлкөнүн керектөөсүнө жетет.

Андорра-ла-Велья шаарында акындардын таймашы дайыма өтүп турат жана андорралыктар өзүн орто кылымдардагы трубадурлардын татыктуу мураскерибиз деп эсептейт. Көчөлөрдөгү мимикалык спектакл-дер, топтошкон бий – контрапас Андорранын конуштарында адаттагыдай көрүнүш.

Сыргак ЭСЕНБЕК

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз