Улуттук көркөм сүрөт академиясын оңдоо жана жатаканасын жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

0
8741

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кыргыз Республикасынын Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына барды.

Иш сапардын жүрүшүндө академиянын имараттарынын техникалык абалы жана студенттик жатакананын шарты негизги маселе катары талкууланды. Мамлекеттик катчы окуу корпусу менен жатакананын капиталдык оңдоого муктаж экенин белгилеп, бул маселелерди чечүү билим берүүнүн сапатына жана эл аралык кызматташтыкка түздөн-түз таасир этерин айтты.

Маалым болгондой, учурда студенттик жатакана чет өлкөдөн келген студенттер үчүн эл аралык стандарттарга толук жооп бербейт. Бул жагдай студенттерди алмашуу программаларын ишке ашырууга тоскоолдук жаратып, академиянын мүмкүнчүлүгүн чектеп келет. Ошондуктан жатакананы кеңейтүү жана толук ремонттон өткөрүү зарылдыгы баса белгиленди.

Мындан тышкары, академиянын имараттарын жаңылоо, окуу шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери да көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Арслан Койчиев сүрөт академиясынын ремонту жана жатакананын абалын жакшыртуу боюнча сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын, бул маселелер мамлекеттин көзөмөлүндө болорун билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз