Бүгүн, 27-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, «Салык Күзөт» автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргенин белгиледи. Бул система менен салык маалыматтары бир платформага чогултулуп, аймактар жана компаниялар боюнча онлайн режимде салык түшүүлөрү көзөмөлгө алынат.
Президент Садыр Жапаров тутумдун мындан ары өлкө аймагында жайылтылышын, ишкерлер менен салыктык тартипти камсыз кылуу жана бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун күчөтүү боюнча тапшырмалар берди.

