Башкы беткеРубрикаларАймактарӨзгөн районунда энергетикалык 3 объект пайдаланууга берилди

Өзгөн районунда энергетикалык 3 объект пайдаланууга берилди

Өзгөн районунда энергетика тармагына тиешелүү үч объект ишке кирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги маалымдады.

Куршаб айыл аймагында кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу жана заманбап талаптарга жооп берген ыңгайлуу жумуш орундарын түзүү максатында «Куршаб» участкасы курулду. Долбоор «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААК тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 9 млн 670 миң сомду түздү. Курулуш иштерин «Азия Вей Групп» ЖЧКсы жүргүзүп, аткарылган иштердин наркы 7 млн 325,69 миң сомду түздү.

Ошондой эле 110/35/10 кВ «Кара-Шоро» көмөк чордонунун экинчи этаптагы курулуш иштери ийгиликтүү аяктап, пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы сметалык баасы 13 млн 500 миң сомду түзөт. Курулуш иштери чарбалык ыкма менен аткарылып, иштин жалпы наркы 13 млн 462,95 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүү максатында «Салам-Алик» участкасы курулду. Долбоордун жалпы сметалык баасы 9 млн 752 миң сом болсо, курулуш иштерин «Вкрет-Мет» ЖЧКсы жүргүзгөн. Долбоор «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААК тарабынан каржыланып, аткарылган иштердин наркы 8 млн 286,3 миң сомду түздү.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар