Башкы беткеРубрикаларАймактарАлмамбет Шыкмаматов Нарындагы инновациялык борбордун капсула салуу аземине катышты

Алмамбет Шыкмаматов Нарындагы инновациялык борбордун капсула салуу аземине катышты

Бүгүн, 25-июлда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Алмамбет Шыкмаматов Нарын шаарына болгон жумушчу иш-сапарынын алкагында, маданият жана искусство тармагындагы жаңы долбоор — Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушунун капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу салык кызматынын билдиришти. 

Салтанаттуу иш-чарага Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев да катышты.

Жаңы борбор маданий мурастарды сактоо, заманбап искусствону жана жаштардын чыгармачыл дараметин колдоо, маданий-мурастарды сактоо максатында ишке ашырылууда.

Ошондой эле, борбор заманбап технологияларды, искусствону, билим берүүнү жана коомдук ишмердүүлүктү камтыган көп тармактуу платформа багытына кызмат кылат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар