Башкы беткеРубрикаларАймактарЫсык-Көлдө суунун азайышынын алдын алуу чаралары көрүлөт

Ысык-Көлдө суунун азайышынын алдын алуу чаралары көрүлөт

Ысык-Көлдү сактоо, тартылып бараткан суунун деңгээлин толтуруу боюнча атайын программа кабыл алуу чаралы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Ысык-Көлдүн суусунун деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу маселени талкуулаган кеңешмеде айтылды.

Кеңешмени министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өткөрдү.

Анда акыркы жылдары Ысык-Көлдө суунун тартылуу тенденциясы байкалып жатканы белгиленип, анын себептери жана бул көрүнүштүн аймактык экологияга тийгизе турган терс таасирлери талкууланды. Белгилүү болгондой, климаттын өзгөрүшү, нымдуулуктун азайышы, мөңгүлөрдүн кыскарышы жана суу булактарын рационалдуу пайдаланбоо көлдүн гидрологиялык абалына олуттуу таасир этүүдө. Буга байланыштуу Ысык-Көлдү сактоо, тартылып бараткан суунун деңгээлин толтуруу боюнча атайын программа кабыл алуу чаралы иштелип чыгууда.

Кеңешмеде министр Бакыт Төрөбаев келечекте көрүлө турган чаралардын негизги багыттары катары төмөнкүлөрдү белгиледи:

  • сууну сарамжалдуу пайдалануу жана агро-сектордо сугат системаларын модернизациялоо;
  • Ысык-Көлдүн аймагында токой отургузуу жана жашыл зоналарды көбөйтүү аркылуу нымдуулукту сактап калуу аракеттерин күчөтүү;
  • климаттын өзгөрүшүнө каршы адаптациялык механизмдерди иштеп чыгуу;
  • мөңгү жана суу булактары боюнча илимий изилдөөлөрдү тереңдетүү.

«Ысык-Көл – Кыргызстан үчүн гана эмес, Борбор Азия чөлкөмү үчүн да маанилүү экосистемалык ресурстардын бири. Ал климаттык балансты сактоодо, биологиялык ар түрдүүлүктү камсыздоодо жана туризмди өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойнойт.
Ошондуктан көлдүн суу деңгээлинин төмөндөшү экологиялык, экономикалык жана социалдык кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Ысык-Көлдү сактоо – бул бир гана мамлекеттик эмес, жалпы коомдук жоопкерчилик. Буга байланыштуу жарандык коом, илимий чөйрө жана жергиликтүү тургундар менен тыгыз кызматташтык зарыл», — деди Төрөбаев.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына так тапшырмалар берилди. Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу багытында иш-аракеттерди ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүү негизги максат катары белгиленди.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар