Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасына жаңы дайындалган Пакистан элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Амангелдиев элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Садыр Жапаровдун былтыр декабрда Пакистанга жасаган сапары эки өлкө ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи.
Тараптар өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, инвестицияларды тартуу жана энергетика багытындагы кызматташууну күчөтүү зарылдыгын баса белгилешти.
Өз кезегинде элчи Алтамаш Вазир Хан Бишкек менен өнөктөштүктү тереңдетүүгө Исламабад кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-пакистан кызматташуусу мындан ары дагы кеңейип, жаңы сапаттык деңгээлге чыгарына ишеним билдиришти.

