whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Мисирге расмий сапар менен барат

Садыр Жапаров Мисирге расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Мисир Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча 4–5-ноябрда Каирге расмий сапар менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Анын айтымында, бул сапар Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жылдардан бери Африка континентине болгон алгачкы расмий визит болуп эсептелет.

“Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтөт. Ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуу болот. Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда”, — деди Абдумуталип.

Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы, Кыргызстандын эгемендүүлүк алганынан кийин бир жылдан соң түзүлгөн.

Учурда Мисирде диний билим алган кыргызстандыктар арбын. Ошондой эле соода-сатык жана бизнес тармагында кызматташкан кыргыз жарандары да бар.

2024-жылдагы маалымат боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 5,1 млн долларды түзгөн. Анын ичинен Каир 3 млн доллардык, ал эми Бишкек 1,6 млн доллардык товар экспорттогон.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар