Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОоганстанда жер титирөөдөн 20 киши каза болду

Ооганстанда жер титирөөдөн 20 киши каза болду

Ооганстандын түндүгүндө катуу жер титирөө болуп, анын кесепетинен кеминде 20 адам каза болуп, 300дөн ашуун киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жер титирөөнүн магнитудасы 6,3 болуп, анын очогу Мазари-Шариф шаарынын жанында болгон. Бул шаарда болжол менен 520 миңге жакын адам жашайт.

Афганистандын өзгөчө кырдаалдар агенттигинин өкүлү Юсаф Хаммаддын айтымында, көпчүлүк жабыркагандар жеңил жаракат алып, биринчи медициналык жардамдан кийин үйлөрүнө чыгарылган.

АКШнын Геологиялык кызматынын баалоосуна караганда, кырсыктын курмандыктарынын саны дагы көбөйүшү мүмкүн, анткени айрым тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактарда байланыш начар.

Жер титирөөнүн силкинүүсү Тажикстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда да сезилди.

Ооганстандын Коргоо министрлиги маалымдагандай, Балх жана Саманган провинцияларына издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.

Мазари-Шариф шаарындагы белгилүү Көк мечит (Голубая мечеть) да жер титирөөнүн таасирине кабылган. Бийликтердин айтымында, мечиттин дубалынан бир нече кыш кулап түшкөн, бирок имараттын жалпы түзүлүшүнө олуттуу зыян келбеген.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар