Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргыз-жапон кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды

Кыргыз-жапон кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды

2026-жылдын 14-апрелинде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев менен Жапониянын миграция жана жумушка орноштуруу агенттигинин комиссары Хидэхару Маруяма ортосунда расмий жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы тармагындагы кыргыз-жапон кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл Жапониянын экономикасындагы жумушчу күчүнүн жетишсиздигин жоюуга багытталган «Токутэй гино» (Specified Skilled Worker) программасына бурулду. Бул программа белгилүү квалификациялуу адистиктер боюнча чет өлкөлүк жарандарды жумушка тартууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле техникалык стажировка программаларынын алкагында кызматташууну кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Жапонияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү маселелери каралды. Айрыкча туризм, карыларды кароо, курулуш жана айыл чарба тармактарына басым жасалды.

Тараптар уюшкан эмгек миграциясын өнүктүрүүдө талапкерлерди тандоо механизмдерин өркүндөтүүнүн, кесиптик жана тилдик даярдыктын деңгээлин жогорулатуунун, ошондой эле ишке орношуу процесстеринин ачыктыгын жана коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында Жапонияда иштөөгө кызыкдар жарандарды даярдоо борборлорун түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул процессте Эл аралык миграция уюмун тартуу аркылуу талапкерлерди япон тараптын талаптарына ылайык системалуу даярдоо жана квалификациялуу кадрларды калыптандыруу максат кылынууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында уюшкан эмгек миграциясын өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы институционалдык кызматташууну бекемдөөгө багытталган ведомстволор аралык келишим түзүү тууралуу макулдашылды.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар