Орусиянын Байланыш, маалымат технологиялары жана массалык коммуникациялар чөйрөсүн көзөмөлдөө федералдык кызматы (Роскомнадзор) Telegram мессенжеринин иши мындан ары чектелиши мүмкүн экенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, платформа орус мыйзамдарынын талаптарын толук аткарбай жатат.
Билдирүүдө колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо жетишсиз болуп жатканы, ошондой эле көз боемочулукка жана мессенжерди террордук максатта пайдаланууга каршы чаралар толук көрүлбөй жатканы белгиленген.
Буга чейин Downdetector жана “Сбой.рф” сервистерине таянып, 8-февралдан бери Telegram’дын ишинде үзгүлтүктөр байкалып жатканы кабарланган. Айрым колдонуучулар тиркемени ача албай жатканын, башкалары медиафайлдарды жүктөө жана кат алышуу кыйын болуп жатканын билдиришкен.
Орус басылмалары, Роскомнадзор 10-февралдан тарта Telegram’ды чектөө планына киришерин жазган.
Эске салсак, былтыр август айында Орусияда Telegram жана WhatsApp мессенжерлеринин иши бир нече күнгө үзгүлтүккө учураган. Роскомнадзор анда “чалуулардын жарым-жартылай бөгөттөлүшүн” кылмыштуулукка каршы чара катары түшүндүргөн.
2025-жылдын декабрында Meta корпорациясына таандык WhatsApp мессенжеринин өкүлү сервистин Орусиядагы ишине киргизилген чектөөлөрдү сындап, компания мыйзам талаптарын сактап жатканын билдирген. Ал мындай чаралар орусиялык жарандарга терс таасирин тийгизип жатканын айтып, аны мамлекеттик Max мессенжерин жайылтуу аракети менен байланыштырган.
Расмий маалыматтарга ылайык, WhatsApp’тын Орусиядагы бир айлык аудиториясы 97,5 миллион адамды түзөт, ал эми Telegram’ды 90 миллиондон ашык колдонуучу пайдаланат. Бул өлкө калкынын басымдуу бөлүгүнө туура келет.
Декабрдын башында орус өкмөтү FaceTime жана SnapChat тиркемелерин да бөгөттөгөн. Ал учурда да чектөөлөр террорчулукка, көз боемочулукка жана башка кибер кылмыштарга каршы күрөшүү чарасы катары түшүндүрүлгөн.
Ал эми Кыргызстандык айрым мигранттар Telegram’дагы үзгүлтүктөр жакындары менен байланышууга тоскоол болуп жатканын билдиришсе, ишкерлер Орусиядагы өнөктөштөрү менен соода-сатык жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралганын айтышкан.

