Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.
Президент кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, Министрлер Кабинетинин түзүмү такталды.
Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин курамында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы өзүнчө көрсөтүлдү. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин түзүмү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен толукталды.
Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлдү.
Министрлер Кабинетине өз чечимдерин аталган Жарлыкка ылайык келтирүү жана андан келип чыгуучу башка чараларды көрүү тапшырылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

