«Биздин максат – глобалдык эмгек рыногунун талаптарына жооп бере алган жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздай алган заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду даярдоо», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Агартуу министрлигинин коллегиясында. Билим берүү министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга жана алдыдагы милдеттерди аныктоого арналган коллегияда мектепке чейинки жана мектептик , ошондой жле башталгыч кесиптик билим берүү, мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруу, окуу программаларын жаңыртуу жана сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү ишиндеги натыйжалар талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары системалуу реформалар ырааттуу жүрүп жатканын, ар тараптуу өнүгүүгө, практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга жана бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган сапаттык жактан жаңы окутуу моделине өтүү зарылдыгын белгиледи.
Эдил Байсалов мындан аркы иште өзгөчө көңүл педагогдордун статусун жана кесиптик ролун жогорулатууга, билим берүү процессин санариптештирүүгө, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын модернизациялоого, ошондой эле билим берүүнүн тарбиялык жана социалдык компоненттерин бекемдөөгө буруларын баса белгиледи.

