Башкы беткеРубрикаларЭкологияТоктогул суу сактагычында браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү

Токтогул суу сактагычында браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Токтогул суу сактагычын мыйзамсыз балык уулоочу куралдардан тазалоо боюнча масштабдуу рейд өткөрдү.  Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейддин жыйынтыгында суудан 7 миң метрге жакын мыйзамсыз синтетикалык торлор алынып, эки жаран кармалды. Аларга ар бирине 11 000 сом айып пул салынды.

Адистер мындай торлор балык коруна жана суда сүзүүчү канаттууларга олуттуу зыян келтирерин белгилешет. Ошондой эле жергиликтүү калкка жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай рейддер экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында туруктуу өткөрүлүп турат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар