Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 26-январда Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасынын жеңишинен кийин спортчуларды куттуктап, борбор калаада заманбап муз аренасын куруу пландары бар экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, мэр хоккейчилердин кийим алмаштыруучу жайына барып, командага ийгиликтүү оюн көрсөтүшү менен куттуктады. Ошондой эле муниципалитет спорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселесин активдүү иштеп чыга баштаганын белгиледи.
«Учурда жер тилкесин аныктап, талаптарга жооп берген, заманбап муз аренасын куруу багытында иш алып барабыз», — деди Айбек Жунушалиев.
Шаар башчысы бул демилгени өлкө жетекчилигинин деңгээлине чыгарууну пландап жатканын да кошумчалады. Анын айтымында, мындай спорттук комплекс кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү, ошондой эле улуттук курама командалар үчүн профессионалдык машыгуу базасын түзүүдө маанилүү роль ойнойт.

