Кыргызстан өзгөрүп жаткан дүйнөдө

0
8777

Кыргызстанды Президент Садыр Жапаровдун башкаруусундагы беш жылдык мезгил дүйнөлүк соода жана логистикалык чынжырлар түп-тамырынан өзгөргөн учурга туш келди. Ушундай шартта Борбор Азия мурдагыдай четки аймак эмес, регионалдык жана глобалдык байланыштын маанилүү мейкиндиги катары карала баштады. Кыргызстан бул процесске акырындап кошулуп, транзиттик өлкө катары да, узак мөөнөттүү энергетикалык долбоорлордун катышуучусу катары да өз ордун бекемдөөгө аракет кылууда.

Энергетика, транспорт жана логистика тармактарындагы долбоорлор өлкөнүн аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүп, Кыргызстанды регионалдык туруктуулуктун маанилүү элементине айландырууда. Бул багыттагы кадамдар кыска мөөнөттүү натыйжаларга эмес, узак мөөнөттүү экономикалык кооперацияга багытталган.

2020-жылдагы Кыргызстан — экономикалык спад, инвестициялардын токтоп калышы жана мамлекеттик башкарууга болгон ишенимдин солгундашы менен мүнөздөлсө,
2025–2026-жылдардагы Кыргызстан — ИДПнын эки орундуу өсүшү, масштабдуу курулуш цикли, алтындын үлүшү жогору рекорддук резервдер жана аймактык стабилдүүлүккө кошкон салымы менен айырмаланууда.

Ошол эле учурда негизги сыноо али алдыда. Жетишилген ийгиликтердин олуттуу бөлүгү саясий эркке жана борборлоштурулган башкарууга таянып ишке ашты. Кийинки этапта бул жыйынтыктарды институционалдык деңгээлде бекемдөө зарыл.

Тактап айтканда, экономикалык өсүш калктын кирешесинин жогорулашына, инвестициялардын туруктуулугуна жана саясий циклдерге көз каранды болбогон алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон шарттарга айланышы керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз