Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул чечим Аялдардын эл аралык күнү — 8-март майрамынын алдында кабыл алынды.
Жарлыкка ылайык, “Бала ырысы” деп аталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпул 2026-жылдын 1-июлунан тартып төлөнө баштайт. Төлөм үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөкпулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт.
Президенттин айтымында, бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынган жана баланын жашоосунун эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.
Мамлекет башчысы жөлөкпулдарды алуу системасында көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар бар экенин белгилеп, айрыкча жаш балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мындай жагдайлар кабыл алынгыс экенин айтты.
Анын сөзүнө караганда, адамдын дене тарбиялык жана акыл-эс жөндөмдөрү негизинен жашоосунун алгачкы жылдарында калыптанат. Ошондуктан өкмөт жаңы “Бала ырысы” жөлөкпулун иштеп чыгып, ишке киргизүүгө милдеттендирилди.
“Мен чындап муктаж болгон бир дагы бала колдоосуз калбашы үчүн мамлекет муктаж эместерге бир нече ашыкча жөлөкпул төлөгөнү жакшы деп эсептейм”, — деди президент.
Маалыматка ылайык, жаңы социалдык колдоо чарасы балдар арасындагы жакырчылыкты азайтууга жана үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала жашайт.


