Ишкердик баштоо үчүн 150 миң сомдон берилүүдө

Талас облусунун Манас району жана Бакай-Ата районунда “Социалдык контракт” программасынын алкагында 71 үй-бүлөгө жеке ишкерлигин баштоо үчүн 150 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, каражат алган үй-бүлөлөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Манас районунан — 31 үй-бүлө;
  • Бакай-Ата районунан — 40 үй-бүлө.

Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдиргендей, 2026-жылы Талас облусу боюнча жалпы 682 үй-бүлөгө ушул программа аркылуу каражат берүү пландалууда.

Анын айтымында, бул долбоор аймактарды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга олуттуу салым кошот. Программанын катышуучулары өз үй-бүлөсүн киреше менен камсыз кылуу менен бирге, жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин жогорулатууга да жардам берет.

Белгиленгендей, “Социалдык контракт” программасына катышкандардын 94,2 пайызын айыл жергесинде жашаган аялдар түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз