Кыргызстанда протез жасоо тармагында 3D-технологиялар колдонулуп баштады. Өлкө КМШ аймагында мындай чечимдерди мамлекеттик деңгээлде киргизген биринчи мамлекет болуп калды.
Жаңы жабдуулардын презентациясы 2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протез-ортопедиялык буюмдар мекемесинде өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго 3D-протездөө кабинети, басууну үйрөтүү мектеби жана жаңы жабдуулардын иштөө тартиби көрсөтүлдү. Мекеме француз өндүрүшүндөгү 3D-сканер жана 3D-принтер менен камсыздалып, анын жалпы баасы 45,85 миң еврону түздү. Жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган мекеме 13 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды тейлейт. Алардын ичинен 1 396 адамга төмөнкү буттардын, ал эми 443 адамга жогорку кол-буттардын протездери берилген. Жалпысынан адистер протез-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрүн жасап чыгарышат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов белгилегендей, мекеменин жабдуулары 40 жылдан ашык убакыт бою дээрлик жаңыланган эмес. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата иш-чаралар планынын алкагында материалдык-техникалык базаны жаңылоого 100 миллион сом бөлүнгөн.
Анын айтымында, 3D-технологияларды колдонуу протез жасоонун тактыгын жогорулатып, бейтаптар үчүн ыңгайлуулукту камсыздап, ар бир адамга ылайык жеке протез даярдоого мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, 3D-принтер культеприемниктерди так жасап, өлчөм алуу жана кайра-кайра кийип көрүү процесстерин азайтып, реабилитацияны жеңилдетет.
Презентацияга Франциянын Кыргызстандагы элчиси, профсоюздардын өкүлдөрү, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү, жабдууларды чыгарган компаниянын адистери жана Россия менен Өзбекстандан келген өнөктөштөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин кызматкер айымдары алдыда келе жаткан Аялдардын эл аралык күнү — 8-март майрамы менен куттукташып, протездөө жана реабилитация тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.


