Жогорку Кеңеш 16 жашка чейинкилерге паспорт берүүнү жөнөкөйлөтүүнү каароодо

0
5456

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Раимбеков белгилегендей, мыйзам долбоору 16 жашка толо элек жарандарга жалпы жарандык паспорт берүү тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Анын айтымында, азыркы мыйзам боюнча 16 жашка чейинки жарандарга паспорт ата-энесинин экөөнүн тең макулдугу менен гана берилет. Практикада бул талап көп учурда олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Айрым учурда ата-энелердин бири чет өлкөдө болушу, байланыштан баш тартышы, баланы тарбиялоого катышпашы же анын кайда экени белгисиз болуп калышы мүмкүн.

«Мындай шарттарда балага иш жүзүндө кам көрүп жаткан ата-эне уруксат алуу үчүн сотко кайрылууга аргасыз болууда», — деди Раимбеков.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев ата-энелердин бири баланын чет өлкөгө чыгуусуна макулдук берүү укугун кыянаттык менен пайдаланган учурларда чыгуу тартибин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.

«Эгер ата-эненин бири баланын жашоосуна катышпаса, алимент төлөбөсө же таптакыр дайынсыз болсо, анда баланын чет өлкөгө чыгышы үчүн керектелген макулдук маселесин жөнөкөйлөтүү керек», — деди ал.

Ал эми депутаттар Талайбек Масабиров жана Жылдыз Курманалиева сунушталган ченемди колдоп, учурда көптөгөн балдар ата-энесинин биринин макулдугу жок болгондуктан жалпы жарандык паспорт ала албай жатканын белгилешти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз