Жалал-Абаддагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу уланууда

Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтогон жок. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда тараган «аэропорттун курулушу токтоп калды» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Белгиленгендей, Сузак районунун аймагында 381 гектар жерге курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун курулуш иштери азыркы учурда да уланууда. Долбоордун буйрутмачысы — Кыргызстан аэропорттору ачык акционердик коому. Ал эми башкы подрядчы — президенттин Иш башкармалыгына караштуу Кыргызстройсервис мамлекеттик ишканасы.

Учурда курулуш жүргүзүлүп жаткан тилкеде жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары жайгашкандыктан жана аба ырайынын шарттарына байланыштуу айрым техникалык иштер жүргүзүлүүдө. Ушуга байланыштуу убактылуу техникалык токтоо болгон.

Ошол эле учурда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания өз ишин улантып, долбоорду белгиленген тартипте ишке ашырууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз