Илхам Алиев Нахчыван аймагына жасалган дрон чабуулун “террордук аракет” деп баалап, Иран бийлигинен расмий түшүндүрмө жана кечирим талап кылды. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Азербайжан Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 5-март күнү учкучсуз учуучу аппараттардын бири Нахчыван аэропорту имаратына тийип, терминалга зыян келтирген. Дагы бир дрон Шекерабад аймагындагы мектептин жанында кулаган.
Расмий Баку бул чабуулду айыптап, мындай окуялар аймактагы чыңалууну күчөтөрүн билдирди. Окуядан кийин Ирандын Азербайжандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылып, түшүндүрмө талап кылынган.
Азербайжан ТИМи өлкө “жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырарын” да билдирди.
Азербайжан Израилге мунай жеткирген негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ал эми Израиль Баку үчүн коргонуу тармагындагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири болуп эсептелет. Айрым талдоочулар Израил Азербайжанга Тоолуу Карабак аймагын кайра көзөмөлгө алуу учурунда аскердик жабдуулар менен колдоо көрсөткөнүн белгилешет.
Ошол эле учурда Азербайжан бийлиги өлкөнүн аймагы же аба мейкиндиги коңшу мамлекеттерге каршы аскердик операция жүргүзүү үчүн колдонулбай турганын бир нече жолу билдирген.
Европада жашаган көз карандысыз талдоочу Рауф Миргадиров бул окуя ар башкача түшүндүрүлүшү мүмкүн экенин айтты.
Анын айтымында, Нахчывандагы дрон чабуулу кокустук болушу да мүмкүн же аймактагы чыңалуунун күчөп жатканынан кабар бериши ыктымал. Миргадиров ошондой эле Иранда миллиондогон азербайжандыктар жашарын белгилеп, Тегеран аларды нааразы кылууну каалабашы мүмкүн экенин кошумчалады.


